Ырларым менин сырларым!

Келесиңби кетесиңби ким билет.
Ал ойлорду, айткылачы ким сезет.
Айткым келет, сырларымды төгүлтө.
Кусалыкты жазып айткым мен келет.

Каралдым мен бул дүйнөдө карайып.
Саргайдым мен жалбырактай саргайып.
Дүйнө тар дейт буга барып такалып
Кимге айтам сырларымды чачылып.

Айткылачы зар какшатпай адамды?
Тең бөлүшө сырдашаар бир жан барбы
Санааларга берилип мен күнүгө
Кысылып мен өтөмүнбү күнүгө.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.